СССРдин эмгек сиңирген артисти, КРдин «Даңк» медалынын ээси, балетмейстер Асылбек Бегалиев 5-июлда 87 жашында каза болду. Бул маалыматты Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тастыктады.

Ал 1948-жылы Фрунзе шаарындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайында билим алган. 1950-жылы окуучу кезинде кыргыздын улуттук биринчи балети «Чолпон» спектаклинде Саматтын ролун ойногон. Кийин СССРдин жана Европанын бир катар шаарларындагы кароо сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болгон. Андан сырткары Кыргызстандын бир катар облустарында бий ансамблдерин түзүп, чет жактагы фестиваль, конкурстарга катышып турган.

Бегалиевдин жээни Назгүл Насиева таекесин төмөнкүчө эскерди.

«1953-жылы театрга балет артисти штатына кабыл алынып, ондогон спектакилдерде бийлеген. 1954-жылы музыкалык, хореографиялык окуу жайын ийгиликтүү аяктап, Бурят, Монгол АССРинин опера жана балет театрына чакыруу менен барып солист болуп иштеген. Ал жерден армияга чакырылып, аскердик кызмат өтөгөн», — деп жазды ал.

Насиева андан сырткары 1957-жылы Кыргызстанга келип, Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда жаңы түзүлгөн Мамлекеттик элдик бий ансамблине солист болгонун белгилеген. 1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз ансамблинин жана искусствонун он күндүк декадасына катышкан. Кезинде Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын концерттик бөлүмүн жана жаңыдан уюшулган эки жылдык эстрада студиясын жетектеген.

Асылбек Бегалиев СССРдин эмгек сиңирген артисти, Кыргызстандын билим берүү министрлигинин отличниги, «Даңк» медалынын ээси. Андан сырткары Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы, «Манас-1000» медалы менен сыйланып, «Маданияттын мыкты кызматкери», «Баткен облусунун ардактуу атуулу» наамдарын алган.

Ал өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин борбор калаадагы Мукаш Абдраев атындагы окуу жайында бийден сабак берип келгенин жээни Назгүл Насиева белгиледи.