COVID-19дан дагы 41 бейтап айыгып ооруканадан чыгарылды

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 6-июлда маалымдагандай, өлкөдө акыркы сутка ичинде дагы 41 бейтап коронавирустан айыкты.

Дарылануудан кийин алардын коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөтүп, бейтаптар ооруканадан чыгарылды.

Өпкөнү сезгенткен илдеттен айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 25. Ош шаарында — 8, Ош облусунда — 3, Жалал-Абад жана Баткен облустарында экиден Чүй облусунда бир адам сакайды.

Ушуну менен коронавирустан айыккандардын саны 2843кө жетти — бул жалпы оорулуулардын 43 пайызын түзөт.

Кыргызстанда 6-июлга карата коронавирус 7691 кишиге жукту. Анын ичинен 92 киши каза болду.