Коронавирус жуктургандардын саны 7691ге жетти — бир суткада 314 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Дмитрий Мотинов

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 6-июлдагы брифингде Кыргызстанда коронавирустун жаңы 314 учуру катталганын билдирди.

Алардын ичинен:

Бишкек шаарынан — 161;

Чүй облусунан — 25;

Жалал-Абад облусунан — 15;

Ош шаарынан — 41;

Ош облусунан — 26;

Нарын облусунан — 15;

Баткен облусунан — 10;

Ысык-Көл облусунан — 21;

Жалал-Абад облусунан — 15 адамдан коронавирус аныкталды.

Коронавирусту жаңы жуктуруп алгандардын баардыгы оорулуулар менен байланышта болгон адамдар.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 7691ге жетти. Илдеттен 92 киши каза болуп, 2843 бейтап айыгып үйүнө чыгарылган.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 3305. Ал эми Чүй облусунда — 1550, Ош шаарында — 824, Ош облусунда — 556, Нарын облусунда — 561, Жалал-Абадда — 431, Ысык-Көлдө — 221, Баткенде — 162 жана Талас облусунда 81 учур катталды.

Ооруканаларда 625 адам дарыланууда. Алардын ичинен 22 киши жандандыруу бөлүмүндө. Үй карантинине 4131 адам алынган. Акыркы суткада жасалган анализдердин саны — 2292.