ССМ: Бир сутка ичинде пневмониядан 18 киши каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 6-июлда пневмониядан акыркы суткада 18 бейтап каза болгонун билдирди. Алардын ичинен он учур Бишкек шаарынан катталды.

Ал эми пневмониядан жалпы каза болгон кишилердин саны март айынан тарта 195ке жетти.

Пневмониядан каза болгондордун арасында ИИМдин кызматкерлери жана медиктер да бар. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевге да «эки тараптуу пневмония» диагнозу коюлуп, ал УКМКнын абагынан ооруканага которулду.

Ошондой эле мурдагы депутат Камчыбек Ташиев да эки тараптуу пневмонияга кабылып, учурда Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жатат.

Коронавирус өлкөдө жайылгандан тарта пневмония менен ооругандардын жана каза болгондордун саны да өстү. Айрым бейтаптар медициналык жардам алууга жетишпей ооруканалардын алдында кайтыш болуп жатышат.

Пневмония — дем алуучу органдарды, айрыкча өпкөнү сезгенткен өнөкөт. Оорунун пайда болушун бактериялар жана вирустар шарттайт. Алар организмге көбүнчө дем алуу органдары, кээде кан тамырлар аркылуу кирет.