Жалал-Абад мэриясынын кызматкери пневмониядан каза болду

Маркум Садыр Айтпаев. Сүрөт: Азамат Жээнбековдун фейсбук баракчасынан алынды

Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы Долбоорлорду ишке ашыруу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Садыр Айтпаев 6-июлда көз жумду. Бул тууралуу «Клоопко» Жалал-Абад мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков билдирди.

«Садыр Төрөевич 59 жашта болчу. Ал 1-июлдан бери “эки тараптуу пневмония” диагнозу менен шаардык ооруканда жаткан эле. Мыкты, кесипкөй инсан болчу. Артында эки уулу жана бир кызы калды», — деди Жээнбеков.

Коронавирус өлкөдө жайылгандан тарта пневмония менен ооругандардын жана каза болгондордун саны да өстү.

Пневмония — дем алуучу органдарды, айрыкча өпкөнү сезгенткен өнөкөт. Оорунун пайда болушун бактериялар жана вирустар шарттайт. Алар организмге көбүнчө дем алуу органдары, кээде кан тамырлар аркылуу кирет.

Саламаттык сактоо министрлигинен «Азаттык» басылмасына маалымдагандай, 6-июлга карата өлкө боюнча пневмония диагнозу менен ооруканаларда жаткан бейтаптардын саны 2329ду түздү, алардын ичинен 1573ү Бишкек шаарындагы бейтапканада жатат. Ал эми бейтаптардын 552синин абалы оор, ошондой эле жандандыруу бөлүмүндө жаткан бейтаптардын саны — 154.

6-июлда пневмониядан 18 бейтап каза болду. Алардын ичинен он учур Бишкек шаарынан катталды. Ал эми пневмониядан жалпы каза болгон кишилердин саны март айынан тарта 195ке жетти.