COVID-19дан дагы 67 бейтап айыгып ооруканадан чыгарылды

Иллюстративдик сүрөт

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 8-июлда маалымдагандай, өлкөдө акыркы сутка ичинде дагы 62 бейтап коронавирустан айыкты.

Дарылануудан кийин алардын коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөтүп, бейтаптар ооруканадан чыгарылды.

Өпкөнү сезгенткен илдеттен айыккандардын эң көбү Ош шаарында катталды — 18. Бишкек шаарында — 16, Ош облусунда — 4, Жалал-Абад облусунда — 4, Чүй облусунда — 18, Баткен облусунда — эки, Нарын облусунда беш жана Жалал-Абад облусунда төрт адам сакайды.

Ушуну менен коронавирустан айыккандардын саны 2983кө жетти.

Кыргызстанда 8-июлга карата коронавирус жуктургандардын саны 8486га жетти. Анын ичинен 112 киши каза болду.