Алмазбек Атамбаев стационардан УКМКнын ТИЗОсуна которулду

УКМКнын басма сөз кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев айыкканын жана ал президенттин иш башкармалыгынын ооруканасынын стационарынан кайра УКМКнын ТИЗОсуна которулганын кабарлады.

УКМКнын маалыматына ылайык, мындай чечимди врачтардын консилиуму кабыл аган. Мамкомитеттен кошумчалашкандай, мурдагы президент күндүр-түндүр врачтардын көзөмөлүндө.

Атамбаевди ооруканага жаткыруу

Мурдагы президент «ооруканадан сырткары пвневмониясын» дарылоо үчүн 30-июнда ооруканага жаткырылган.

Ал күнү УКМК Атамбаев өзүн начар сезип аткандыгын айтып арызданганын кабарлаган. Мурдагы президенттен коронавируска ПЧР-тест алынып, ал терс жыйынтыгын көрсөткөн.

Ошол эле күнү врачтар онлайн-консилиумга чогулуп, мурдагы президентке диагноз коюп, аны ооруканага которууну чечишкен.

Атамбаевдин иши

Мурдагы президент бир нече кылмыш иши боюнча айыпталууда. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча сот Атамбаевди күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 11 жыл эки айга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Ал эми анын Кой-Таштагы резиденциясын штурмга алууга байланыштуу иштери боюнча соттор бүгүнкү күнгө чейин уланып келет. Бул жерже мурдагы президент адам өлтүрүүнү, массалык башаламандыктарды жана адамдарды барымтага алууну уюштурууга айыпталууда.

Бийлик Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганы боюнча тергөөнү 2019-жылы жайында жанданткан. Кримтөбөл 2013-жылы лейкоз аныктамасынын негизинде бошотулган. Андан кийин медициналык документ жасалма экендиги аныкталган.

Батукаевдин ишин иликтөө Атамбаевди экс-президенттик, колтийбестик жана башка артыкчылыктардан ажыратууга себеп болгон.

ИИМ бул иш боюнча Атамбаевди үч жолу суракка чакырган, бирок ал бул чакыруулардын үчөөсүнө тең баш ийбей койгон.

Бул Атамбаевди августтун башында Кой-Таштагы резиденциясында штурм менен барып кармоого түрткү болгон. Анда атайын операция эки күнгө созулуп, бир спецназчы каза тапкан.