Муфтият 29 диний окуу жайдын имаратын убактылуу оорукана уюштурууга берет

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 29 диний окуу жайдын имараттарынын обсервация жана күндүзгү стационар уюштурууга берүүгө даяр — алар жалпы 1415 орунга ылайыкташкан. Бул тууралуу муфтий Максат Токтомушев билдирди.

Токтомушевдин айтымында, буга чейин коронавирус менен ооругандар үчүн 7 диний окуу жайдын имаратында обсервация уюштурулган.

«Биз эл менен биргебиз. Учурда өлкө боюнча 100дөн ашуун диний окуу жай, 3000ден ашуун мечит бар. Алла таалам ооруну күчөтпөсүн, керек болуп калса буларды дагы карап көрүүгө даярбыз», — деди Токтомушев.

Мындан тышкары муфтий Орозо айында жана карантин мезгилинде муфтият жана облустук казыяттар тарабынан 37 млн сомдон ашуун тамак-аш түрүндө жардам көрсөтүлгөнүн белгиледи. Ошондой эле карантин учурунда чогултулган 11 млн сомдук садака-фитир муктаж адамдарга таратылганы айтылды.

Ошондой эле Максат Токтомушев жарандарды Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан коюлган санитардык эрежелерди сактап, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.