Акыркы суткада пневмониядан 40 киши каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 10-июлда пневмониядан акыркы суткада 40 бейтап каза болгонун билдирди. Эң көп учур Бишкек шаарында катталды — 26.

Өлкө боюнча пневмониядан ооругандардын саны 3829га жетти. Алардын ичинен каза болгондордун саны — 350. Бул бейтаптарда коронавирус тастыкталган эмес.

Коронавирус өлкөдө жайылгандан тарта пневмония менен ооругандардын жана каза болгондордун саны да өстү. Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 8-июлдагы брифингде пневмония менен коронавирустун статистикасын бириктирүү маселеси каралып жаткандыгын билдирген.

Пневмония менен каза болгондордун статистикасы коронавирус жуктуруп алып каза болгондордун статистикасына кошулбай келет. Муну Саламаттык сактоо министрлиги пандемиянын баштапкы мезгилдеринде өлкөдө пневмонияга чалдыккандардан COVID-19 аныкталбагандыгы менен түшүндүрүп келишкен.

Ал эми өкмөт башчысы Кубатбек Боронов 7-июлдагы брифингде жарандар пневмония менен коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандын негизинде ооруп жатканын айткан.

Пневмония — дем алуучу органдарды, айрыкча өпкөнү сезгенткен өнөкөт. Оорунун пайда болушун бактериялар, вирустар жана козу карындар шарттайт. Алар организмге көбүнчө дем алуу органдары, кээде кан тамырлар аркылуу кирет.