Бир суткада коронавирус жуктурган 6 киши каза болду — тизме

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб Кыргызстанда 10-июлга карата коронавирус жуктурган дагы алты бейтап каза болгонун билдирди. Алар төмөнкү ооруканаларда дарыланып жатышкан:

Кыргыз-түрк достук ооруканасы — 1 (эркек, 90 жашта);

Чүй облусундагы Жайыл аймактык ооруканасы —2 (аял– 70, 69 жашта);

Жалал-Абад облустук ооруканасы – 2 (эркек – 49, 53 жашта);

Нарын облустук ооруканасы — 1 (аял, 61 жашта).

Ушуну менен COVID-19 жуктуруп көз жумган бейтаптардын саны 122ге жетти. Кыргызстанда 10-июлга карата коронавирус жалпысынан 9358 кишиге жукту. Анын 3134ү айыгып ооруканадан чыгарылды.