Коронавируска чалдыккандардын саны 9 миңден ашты — бир суткада 511 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 10-июлдагы брифингде Кыргызстанда коронавирустун жаңы 511 учуру катталганын билдирди.

Алардын ичинен:

Бишкек шаарынан — 260;

Чүй облусунан — 104;

Жалал-Абад облусунан — 29;

Ош шаарынан — 27;

Нарын облусунан — 26;

Ош облусунан — 20;

Баткен облусунан — 16;

Ысык-Көл облусунан — 26

Талас облусунан — 3 адамдан коронавирус аныкталды.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 9358ге жетти. Илдеттен 122 киши каза болуп, 3134 бейтап айыгып үйүнө чыгарылган.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 4027. Ал эми Чүй облусунда — 1708, Ош шаарында — 948, Ош облусунда — 634 , Нарын облусунда — 630, Жалал-Абадда — 555, Ысык-Көлдө — 301, Баткенде — 229 жана Талас облусунда 86 учур катталды.

Ошондой эле коронавирус чет өлкөдөн келген кыргызстандыктардан 240 учур аныкталган.

Ооруканаларда 643 адам дарыланууда. Алардын ичинен 104 киши оор абалда, ал эми 24 киши жандандыруу бөлүмүндө. Бир сутка ичинде жүгүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны — 2672.