Облус жана шаар аралык коомдук унаалардын жүрүшү токтотулду

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Республикалык штаб Кыргызстандын бардык облустарында 9-июлдан тарта облус жана шаар аралык автобустардын жүрүшү убактылуу токтотулгандыгын маалымдады.

«Мындай чечим COVID-19дун жайылышына жол бербөө максатында кабыл алынды. Бул чектөөнүн мөөнөтү Кыргызстандын региондорунда эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин күчүндө болот», — деп жазылат маалыматта.

Коронавирус Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын март айынан тарта каттала баштаган. Мындан улам 22-мартта Кыргызстанга өзгөчө кырдаал режими киргизилип, үч күндөн кийин айрым аймактарда өзгөчө абал тартиби жарыяланган. Өзгөчө абал режими 11-майда алынды, бирок өзгөчө кырдаал режими сакталып калды.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков 30-июндагы парламенттин жыйынында экономикалык кырдаалдын кыйын болуп жаткандыгына байланыштуу карантин жана чектөөлөр киргизилбесин айткан.

ӨА жана ӨК режимдери алынгандан кийин Кыргызстанда коронавирус кескин жайлып, анын кесепетинен каза болгондордун да саны кыйла өсүп кетти.

Covid-19 жуктуруп алып кайтыш болгондордун саны 122 адамга жетти. 10-июлга карата өлкөдө коронавирустун жалпы 9353 учуру катталды, анын ичинен 3134 адам айыкты.

Мындан сырткары Кыргызстанда пневмония оорусу да күч алып, андан каза болгондордун саны өстү. Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өлкөдө пневмониядан каза болгондордун саны 20-июндан кийин кескин өсүп жатканын билдирген. Пневмония март айынан бери 3829 кишиден катталды. Анын ичинен 350 бейтап көз жумду.

Ошондой эле өкмөт башчысы Кубатбек Боронов 7-июлдагы брифингде жарандар пневмония менен коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандын негизинде ооруп жатканын айткан. Пневмония менен каза болгондордун статистикасы коронавирус жуктуруп алып каза болгондордун статистикасына кошулбай келет. Муну Саламаттык сактоо министрлиги пандемиянын баштапкы мезгилдеринде өлкөдө пневмонияга чалдыккандардан COVID-19 аныкталбагандыгы менен түшүндүрүшөт.