ССМ: Министрден пневмония, орун басарынан коронавирус аныкталды

Айнура Акматова. Сүрөт: Республикалык штаб

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 10-июлдагы брифингде Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов пневмонияга чалдыкканын билдирди. Ошондой эле министрдин орун басарларынын биринен COVID-19 табылганын тастыктады.

«Учурда ведомствонун министри да, орун басары да ооруканада тиешелүү дарылануудан өтүп жатышат. Экөөнүн тең абалы жакшы», — деди Акматова.

Мындан бир күн мурунку брифингде Акматова министр менен анын орун басары Нурболот Үсөнбаев ооруп бейтапканага жаткырылгандыгын айткан. Алардан кронавируска анализ алынып, жыйынтыгы күтүлүп жаткан.

10-июлга карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 9358ге жетти. Алардын ичинде 1450 медицина кызматкери бар. COVID-19дан 536 медик айыкты. Расмий статистика боюнча коронавирустан каза болгон медиктердин саны — төрт.

Мындан сырткары өлкөдө пневмония март айынан бери 3829 кишиден катталды. Анын ичинен 350 бейтап көз жумду.