Талас облусу эки апталык карантинге жабылды

Талас облусунун башчысынын орун басары Канимет Осмонбеков Талас облусу коронавирустун алдын алуу үчүн эки апталык карантинге жабылганын «Клоопко» кабарлады.

9-июлдан тарта Талдык-Булак айылындагы санитардык пост аркылуу өтүүчү жол жабылды — аймактын жарандары облустан чыга алышпайт.

Осмонбеков облуска жүк жана дары-дармек ташыгандар гана кире алаарын кошумчалады.

Муну менен катар облуста мал базар жана мечиттер да эки жумага убактылуу жабылды, ошондой эле спорттук иш-чараларга да тыюу салынды.

Талас облусунда 10-июлга карата коронавирус жуктуруунун жалпы 86 учуру катталды. Облуста инфекциянын биринчи учуру 10-июнда аныкталган. Анда коронавирус жергиликтүү поликлиниканын кызматкеринде тастыкталган болчу.

10-июлга карата, Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алган 9 358 адам катталган. 643 бейтап стационарларда дарыланууда. Пандемия башталгандан бери 3 134 бейтап айыгып, 122 адам каза тапты.