Бир суткада коронавирустан эки, пневмониядан 45 бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Хамидулло Узаков / Kloop.kg

Республикалык штаб Кыргызстанда 14-июлга карата жалпы 47 бейтап каза болгонун билдирди. Анын ичинен эки киши коронавирус жуктуруп, ал эми 45и пневмониядан көз жумду.

Коронавирус жуктуруп каза болгон эки бейтап Чүй облусунун Жайыл аймактык ооруканасында дарыланып жаткан. Анын бири 58 жаштагы эркек киши жана экинчиси 67 жаштагы аял.

Ушуну менен COVID-19 жуктуруп көз жумган бейтаптардын саны 149га жетти. Кыргызстанда 14-июлга карата коронавирус жалпысынан 11 538 кишиге жукту. Анын 4 995и айыгып ооруканадан чыгарылды.

Ал эми пневмониядан каза болгондордун 22си Бишкек шаарынан катталды. Калгандары өлкөнүн башка аймактарына туура келет. Ушуну менен март айынан бери пневмониядан көз жумгандардын саны 497ге жетти.