БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова парламентке шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча сунуш киргизди. Бирок анын кесиптештери аны карагысы келбей, сунушту күн тартибине киргизишкен жок.
Бул тууралуу Абдрахматова фейсбук барагында билдирди.
«Кыргыз жарандарыбыздын күндө оору менен жалгыз күрөшүүсүн көзгө илбеген Боршайком талкуу кылганды каалаган жок», — деп жазган ал.
Анын айтымында, жыйындын төрт катышуучусу маселени кароо үчүн добуш берип, калган алтоо каршы болушкан. Кийинчерээк комиссиянын мүчөлөрүнүн бири Гүлнара Журабаева Абдрахматованын постуна маселени күн тартибине киргизүү үчүн добуш бергенин, «себеп дегенде шайлону жылдырууга каршы аргументтерин айткысы келгенин» жазган комментарийде.
Абдрахматова парламенттик шайлоону токтото туруу жана шайлоого бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды коронавируска каршы күрөшүүгө жумшоо сунушу менен 13-июлда президентке кайрылган. Ал БШК президенттин жарлыгына таянып, пандемия шартын толугу менен этибарга албай жатканын билдирген.
«Боршайкомдун парламенттик шайлоону уюштуруу үчүн кабыл алган 20дан ашык чечиминде пандемия жана өзгөчө абал жөнүндө бир да сөз жок. БШКнын жыйындары жабык өтүүдө, ЖМК жана коом үчүн онлайн трансляция камсыздалган эмес. Эмне үчүн? Бузууларды эч ким көрбөшү үчүн», — деп эсептейт Абдрахматова.
Анын айтымында, «партияларга кантип съезд өткөрүү керектигин, шайлоочулар өздөрүн тизмеде кантип тактап алышаарын эч ким түшүндүрүп берген жок». Мындан тышкары, ал шайлоо участкаларында санитардык-эпидемиологиялык шарттар сакталаарына күмөн санады.
БШКнын башка мүчөсү Кайрат Осмоналиев да мындай абалда шайлоону токтотуп туруу абзел деп эсептейт. Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү кеңештерге апрелде өтүүчү шайлоону жылдырган.
«Пандемия учурунда шайлоону өткөрүүгө мен каршымын. Президент пандемияны форс-мажор катары баалап, жоопкерчиликти өзүнө алып шайлоо процесстерин токтотушу керек. Ал бул аракетти “аргасыз зарылдык” абалында жасаган болот — бул жоопкерчиликти жокко чыгаруучу жагдай болуп эсептелинет», — деп ойлойт Осмоналиев.
Шайлоону жылдыруу демилгесин депутаттар Мирлан Жээнчороев, Жанар Акаев жана Наталья Никитенко да колдошот.
«Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев анын саясий бирикмеси шайлоо даярдыгын токтото турууну чечкенин, себеп дегенде пандемия учурунда үгүт жүргүзүүнү «моралдык жактан туура эмес» деп билдирген.
Ал эми Жанар Акаев менен Никитенко калктын COVID-19 жуктуруусун көзөмөлдөө үчүн өзгөчө абал режимин киргизүү кажет деп билдиришкен.
Никитенко саламаттык сактоо системасы медперсоналдын жана жабдуулардын жетишсиздигинен «кыйналып жатканда» шайлоого жана үгүт иштерине миллиондорду бөлүүнү өкмөттүн «уятсыз» чаралары деп эсептейт.
Эл өкүлү Жанар Акаев кесиптештерин парламентке чукул жыйынга чогулуп, шайлоону жылдыруу маселесин талкулоолого чакырды. Бул үчүн алар өкмөттү кайрадан комендаттык саатысыз өзгөчө режим киргизүүгө көндүрүшү керек болот.
Парламенттин басма сөз кызматы депутаттардын билдирүүлөрүнө жооп кылып, регламент боюнча кезексиз сессия өткөрүү үчүн төрагага президенттин, өкмөттүн же Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн биринен кем эмесинин сунушу керектелерин билдирди.
Парламенттин шайлоо — 2020
Президент 3-июлда парламенттик шайлоону 2020-жылдын 4-октябрына дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду. 9-июлга карата маалыматка ылайык, шайлоо өнөктүгүнө катышуу ниетин билдирген 44 партия БШКга арыз тапшырды.
20-августка чейин ар бир партия съезд өткөрүп, өздөрүнүн 120 талапкерден турган тизмесин түзүп, ал эми 24-августка чейин тизмелерди БШКга тапшырууга үлгүрүшү керек.
БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова шайлоодо бардык санитардык нормалар сакталарын убадалап, партияларга шайлоочулар менен жолугушуу өткөрбөөнү сунуштаган.
Ошол эле учурда БШК, мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, стадиондордо жана калктуу конуштардын көчөлөрүндө спорттук иш-чараларды, концерттерди жана театралдаштырылган оюндарды өткөрүүгө тыюу салган. Ошондой эле БШК 50дөн ашуун адамды бир бөлмөгө чогултууга мыйзам жол бербешин эскерткен.
Өкмөт башчысы Кубатбек Боронов да 2-июлда саясий партияларга шайлоочуларды чогултпай, шайлоо үгүтүн жүргүзүүгө каралган каражаттарын коронавируска каршы күрөшкө жумшоону сунуштаган.
Бирок Атыр Абдрахматова өкмөт башчысынын сөздөрүн шайлоочулардын добуштарын мыйзамсыз сатып алууга чакырык катары бааласа болоорун айткан, анткени шайлоо жарыяланган учурдан алардын жыйынтыктарын чыгарууна чейин партияларга кайрымдуулук ишмердик кылууга тыюу салынган.
Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 11 538 учуру катталды. Расмий түрдө COVID-19 өөрчүткөн оорулардан 149 адам каза тапкан.
Ал учурда, июнь айынын ортосунан бери себеби аныкталбаган пневмония менен ооругандардын саны кескин өскөнү байкалууда. ССМ март айынан бери «пневмония» диагнозу менен каза болгон 497 бейтапты каттаган.
Бийлик пневмония — бул коронавирус жуктуруунун кесепети экенин мойнуна алганы менен коронавирус жана пневмония боюнча статистиканы бириктирүүгө шашылбай турат.