Коронавируска чалдыккандардын саны 11 538ге жетти — бир суткада жаңы 421 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Хамидулло Узаков / Kloop.kg

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 14-июлдагы брифингде Кыргызстанда коронавирустун жаңы 421 учуру катталганын билдирди.

Алардын ичинен:

Бишкек шаарынан — 176;

Чүй облусунан — 87;

Ош шаарынан — 58;

Жалал-Абад облусунан — 40;

Ысык-Көл облусунан — 31;

Баткен облусунан — 21;

Ош облусунан — 6;

Нарын облусунан — 1;

Талас облусунан — 1 адамдан коронавирус аныкталды.

Жаңы катталган 421 учурдун 259у аял, 162си эркек киши. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 11 538ге жетти. Илдеттен 149 киши каза болуп, 4995 бейтап айыгып чыкты.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 5 282. Ал эми Чүй облусунда — 2 052, Ош шаарында — 1 112, Ош облусунда — 699 , Нарын облусунда — 653, Жалал-Абадда — 682, Ысык-Көлдө — 368, Баткенде — 355 жана Талас облусунда 95 учур катталды.

Ошондой эле, чет өлкөдөн келген 240 кыргызстандыктан коронавирус аныкталган.

Ооруканаларда 652 адам дарыланууда. Алардын ичинен 128 киши оор абалда, ал эми 21 киши жандандыруу бөлүмүндө. Бир сутка ичинде жүгүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны — 3095.