StandUp Бишкектин катышуучусу УКМКга сурак берип чыкты

StandUp Бишкек комедиялык шоунун катышуучусу Назгүл Алымкулова фейсбук барагында Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитетине (УКМК) суракка чакырылганын билдирди.

Алымкулова жарыялаган чакыруу кагазында УКМК аны күбө катары чакырып жатканы жазылган.

Назгүл Алымкулованын барагындагы пост өчүрүлгөнгө чейинки жасалган скриншот

*Материал жарык көрөөр алдында Алымкулованын сурак тууралуу постторунун баары өчүрүлгөн, ал эми «Клооп» аны менен байланышка чыга алган жок.

Алымкулова дипфейк-видео жарыялаганы үчүн суракка чакырылышы мүмкүн. Ал видеодо белгилүү рэпердин жүзү президент Сооронбай Жээнбековдун бетине алмаштырылган эле.

Назгүл Алымкулованын барагындагы пост өчүрүлгөнгө чейинки жасалган скриншот

Бул тууралуу Назгүл бөлүшкөн пост да кабар берет.

«6 миллион элдин атынан шайланган президенттин сүрөтүн карикатура кылып жасаган ушул кыз экен. Өңү-башына караганда татынакай эле неме көрүнөт. Аял киши ушинтип келесоолугун көрсөтпөй койсо, уят да ушу. Мындай блондинкаларга чара көрүлөбү ГКНБ?» — деп жазылган ал постто.

Кийинчерээк Алымкулова сурактан чыкканын жана баары жайында экенин жазган.

Бул бийликти ачык сындаган жөнөкөй жарандардын УКМКга суракка чакырылып жаткан биринчи эле учуру эмес.

2019-жылдын августунда Бишкектеги дизайнер Никита Тарасенко да суракка чакырылган. Ошондо ал фейсбуктагы посту үчүн чакырылган эле

Дизайнер тергөөчүлөр менен жолугушууга өз барагында таасирдүү кыргыз аткаминерлери чагылдырылган коллажды жарыялагандан кийин чакырыла баштаган.

Коллажда ал президент Сооронбай Жээнбеков менен анын иниси жана парламенттин депутаты Асылбек Жээнбековду тартып, алардын ортосуна Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду жайгаштырган. Дизайнер өзүнүн постун «Оштогу уюшкан кылмыштуу топ» деп атаган.

Мындан тышкары, фейсбуктагы «БеспределКГ» аттуу тайпанын администратору Автандил Жоробеков дагы суракка чакырылган эле. Ал «аймак аралык касытыкты козутуу» беренеси боюнча айыпталып, 24-ноябрда кармалган. Болгондо да, УКМКнын маалыматына ылайык, посттун кастыкты козутууга тиешеси жок, социалдык тармактардын колдонуучулары жөн гана комментарийде өз ара талашып-тартышышкан.

Ошол эле учурда «БеспределКГ» барагында бийликтин дарегине айтылган билдирүүлөр да жарыяланып турган.