COVID-19 илдетинен дагы 75 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 16-июлда маалымдагандай, өлкөдө акыркы сутка ичинде дагы 75 бейтап коронавирустан айыкты.

COVID-19дан айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 23. Ош шаарында — 4, Ош жана Талас облустарында — экиден, Жалал-Абад, Нарын жана Чүй облустарында — үчтөн, Баткен облусунда — 20 адам сакайды.

Ушуну менен коронавирустан айыккандардын саны 3 735ке жетти. Ал эми Кыргызстанда 16-июлга карата коронавирус жуктургандардын саны — 12 498. Анын ичинен 167 киши каза болду.

Ошондой эле пневмониядан 16-июлга карата бир сутка ичинде айыккандардын саны 379ду түздү. Март айынан бери оорудан 3797 киши айыгып, каза болгондордун саны 612ге жетти.