Атамбаевдин уулу пневмония диагнозу менен ооруканага жаткырылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев фейсбуктагы барагында пневмония диагнозу менен ооруканага жаткырылганын кабарлады.

«УКМКнын тергөө абагына барып келгенден бир нече күн өткөндөн кийин алсырап, муундарым ооруп, дароо температурам көтөрүлүп кетти. Кечээ мени пневмония диагнозу менен ооруканага жаткырышты», — деп жазган Сеид Атамбаев.

Ал «тынчын албоо» өтүнүчү менен күч түзүмдөрүнө кайрылып, алардан «сүрөткө тартам деп кайра-кайра палатага кирбөөнү» жана «дарыгерлерди ыйлатып кыйнабоону» суранды.

Сеид Атамбаев иниси Кадыр Атамбаев менен бирге Кыргызстандын социал-демократтарынын жаңы партиясын жетектейт.

Партия Алмазбек Атамбаев мурда жетектеген КСДПнын идеяларын жана принциптерин колдойт.

Атамбаевдин ооруканага жаткарылышы

30-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «эки тараптуу пневмония» диагнозу менен УКМКнын тергөө абагынан ооруканага которулган. Анын коронавируска тапшырган анализи таза чыккан.

Мурдагы президенттин үй-бүлөсү Атамбаевге УКМКнын тергөө абагында коронавирус атайылап жуктурулганын айтып чыгышкан.

Атамбаевдин үй-бүлөсү өз билдирүүсүндө УКМКнын тергөө изолятору инфекция жайыла турчу коркунучтуу жер болуп калганын белгилешкен.

«Ал жакта отургандардын ичинен кеминде 10 кишиден COVID-19 дарты чыкты. Тергөө изоляторунда отургандар ал жактагы кызматкерлердин бардыгына коронавирус жукту деген шектенүү бар экенин тууган-туушкандары аркылуу бизге айтышты», — деп жазылат билдирүүдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн билдирүүсү чындыкка дал келбейт деп жооп беришти.

«Атамбаевдин үй-бүлөсү анын кылмыштуу иштерин жашыруу максатында, аны саясий туткун катары көрсөткүлөрү келип, коомчулукту максаттуу түрдө адаштырып, козголгон кылмыш иштерине саясий өңүт берүүгө аракет кылышууда», — деп билдиришти УКМКдан.