Коронавирус жуккандардын саны 12 498ге жетти — бир суткада жаңы 521 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Дмитрий Мотинов

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 16-июлдагы брифингде Кыргызстанда коронавирустун жаңы 521 учуру катталганын билдирди.

Алардын ичинен:

Бишкек шаарынан — 273;

Чүй облусунан — 74;

Ош шаарынан — 38;

Жалал-Абад облусунан — 43;

Ысык-Көл облусунан — 30;

Баткен облусунан — 39;

Ош облусунан — 16;

Талас облусунан — 8 адамдан коронавирус аныкталды.

Жаңы катталган 521 учурдун 286сы аял, 235и эркек киши. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 12 498ге жетти. Илдеттен 167 киши каза болуп, 3 735 бейтап айыгып чыкты.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 5 727. Ал эми Чүй облусунда — 2 196, Ош шаарында — 1 203, Ош облусунда — 745, Нарын облусунда — 654, Жалал-Абадда — 757, Ысык-Көлдө — 412, Баткенде — 460 жана Талас облусунда 104 учур катталды.

Ошондой эле, чет өлкөдөн келген 240 кыргызстандыктан коронавирус аныкталган.

Ооруканаларда 682 адам дарыланууда. Алардын ичинен 150 киши оор абалда, ал эми 16 киши жандандыруу бөлүмүндө. Бир сутка ичинде жүгүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны — 2266.