Кыргызстанда коронавирустун жаңы 1654 учуру катталды — алардын 613ү Бишкек шаарында

Материал 11:35те жаңыртылды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан кабарлашкандай, 17-июлда коронавирустун жаңы 1654 учуру катталды. Алардын 613ү Бишкек шаарында аныкталды.

Мындан ары Кыргызстанда коронавирус менен пневмониянын статистикасы бир жүргүзүлөт. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифингде билдирди.

Бир суткада катталган жаңы учурлардын аймактардагы көрсөткүчү:

Бишкек шаары — 613;

Ош шаары — 67;

Чүй облусу — 272;

Ош облусу — 125;

Талас облусу — 76;

Нарын облусу — 39;

Ысык-Көл облусу — 234;

Жалал-Абад облусу — 134;

Баткен облусу — 94.

Ошентип жалпысынан өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 23 783кө жетти.

Акматованын айтымында, бүгүнкү күндө ооруканаларда 709 адам дарыланып жатат. Алардын ичинде 159 бейтап оор абалда, анын 21и оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.