ММКФ: Пневмония жана коронавирус менен ооругандар акысыз дарыланып жатат

Пневмония жана коронавирус инфекциясы менен ооруп жаткан бейтаптар акысыз дарыланып жатат. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары (ММКФ) Акылбек Калыков 16-июлда брифингде маалымдады.

Анткен менен Калыков пневмония менен ооруган бир адамды дарылоого канча каражат кетип атканын айткан жок.

Июнь айында коронавирус жуктурган бир бейтапты дарылоого канча акча кетээри кабарланган: оору белгилери жок өткөн учурда — 3 миң сом, оорунун формасы жеңил болсо — 3,5 миң сом, орточо оор абалдагыларды дарылоо — 10 миң сомдон жогору, бейтап оор абалда болсо — 70 миң сом, эгер өтө оор абалда болсо — 132 миң сомдон өйдө. Ошондой эле карым-катнашта болгон адамдарды кароо үчүн ооруканаларга да төлөмдөр каралган — бир адам үчүн 1 миң 742 сом.

Мындан тышкары Калыков COVID-19у тастыкталган бейтаптар менен иштеген медиктер гана эмес, пневмония менен ооруган бейтаптарды дарылагандар жана күндүзгү стационарларда иштегендер да эмгектери үчүн кенемте алышаарын белгиледи.

Ошол эле учурда ал иштеп жатып пневмония болуп ооруп калган дарыгерлердин кенемте алар-албасын тактап айткан жок. Буга чейин өкмөт жумуш учурунда коронавирус жуктурган медиктерге 200 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүүгө убада кылган. СOVID-19 жуктуруп каза тапкан медиктердин үй-бүлөлөрү мамлекеттен 1 млн сом кун алууга укуктуу.

«Жылдын башында компенсациялык төлөмдөргө республикалык бюджеттен ММКФге 233,7 млн сом кошумча бөлүнүп берилген. 20 миң 933 медицина кызматкери төлөмдөрдү алышты. Инфекциянын очогунда иштеп жаткан медицина кызматкерлерине жалпысынан 503,6 млн сом төлөнүп берилген», — деди ал.

17-июлда Республикалык штаб Кыргызстандагы коронавирус жана пневмония боюнча статистиканы бириктирди. Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө COVID-19 жуктуруунун жаңы учурларынын рекорддук саны катталды — вирус 1654 адамда тастыкталды.

Инфекциядан каза болгондордун статистикасы дагы бириктирилди. Эми пандемия башталгандар бери коронавирустан каза болгондордун саны 785 адамды түздү. Акыркы суткада COVID-19дан 83 адам каза болду.