Ошто COVID-19га чалдыккан 65 жаштагы бейтап терезеден секирип каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө коронавирустан дарыланып жаткан 65 жаштагы бейтап 15-июлда каза боду. Ал имараттын 2-кабатынан боюн таштап, жеринде көз жумган. Бул тууралуу Ош ШИИБинен билдиришти.

Мекеменин басма сөз катчысы Абсаттар Табакаловдун айтымында, ШИИБге оорукананын дарыгеринен билдирүү келип түшкөн. Ага ылайык, 15-июль күнү саат кечки 10дор чамасында бейтап «күтүлбөгөн жерден» өзүн таштап жибергени айтылган.

«Маркум Ош шаарынын тургуну болчу. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Менимче өзүн өлтүрүүгө баргандыгынын бирден-бир себеби анын оорудан тажагандыгында болгон», — деди Табакалов.

Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Өзүн-өзү өлтүрүү» беренеси менен катталды.

Буга чейин да 1-июлда аталган ооруканын үчүнчү кабатынан коронавирустан дарыланып жаткан 34 жаштагы аял секирип, жеринде каза болгон. Ал 25-июнда эне болгону белгилүү болгон.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска чалдыккан бейтаптар менен пневмония оорусуна чалдыккандардын санын чогуу эсептеп баштады — ага ылайык өлкөдө 17-июлга карата COVID-19га кабылгандардын жалпы саны 23 783тү түздү. Ал эми андан каза болгондордун саны 785ке жетти.