Жалал-Абад: Үйүнө чыгарылган бейтап кычкылтек баллонун алмаштырам деп жатып каза болду

Иллюстративдик сүрөт

17-июлда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын 73 жаштагы тургуну пневмониядан өз үйүндө көз жумду. Ал мындан бир күн мурун Ноокен районунун ооруканасында дарыланып үйүнө чыгарылган болчу.

Кара-Көл шаарындагы Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун директору Абулбаки Ырысбеков маркумдан 15-июлда экинчи жолку алынган анализден коронавирус аныкталбаганын «Турмуш» басылмасына билдирген.

«4-июлга чейин Кара-Көлдө дарыланып, андан кийни Ноокендин бейтапканасына которулган болчу. 16-июлда үйүнө чыгарылгандан кийин кычкылтек баллонун алмаштырам деп жатып эс-учун жоготуп каза болду», — деген Ырысбеков.

Анын айтымында, аталган шаарда үчүнчү адам пневмониядан каза болуп жатат.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова 16-июлдагы брифингде өлкөдө көп катталып жаткан пневмонияны коронавирус шарттап жатканын СММ моюндаганын билдирди. Ошондой эле пневмонияга чалдыккандардан коронавирус тастыкталбай жатканын да ырастады.

«Коронавирус инфекциясын бирдиктүү шартта дарылоо үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, ПЦР-тест менен тастыкталбаган, бирок вирустук этиолгиясында клиникалык белгилери бар пневмония U07.2 кодуна кирет, мындан улам пневмония боюнча статистикалык учурлар COVID-19 илдетинин көрүнүшү катары саналат», — деп түшүндүргөн Исмаилова.

Республикалык штаб 17-июлдагы брифингде коронавирус менен пневмониянын статистикасы бирге жүргүзүлө тургандыгын маалымдады. Март айынан тарта коронавирус өлкөдө жайылгандан бери пневмония менен ооругандардын жана каза болгондордун саны өскөн.

Депутат Дастан Бекешев статистикалар буга чейин бириктирилбей келгенин медиктерге төлөнчү компенсациялар менен байланыштырган. Анын айтымында, мындай учурда пневмонияга кабылган медицина кызматкерлери өкмөттөн төлөнчү кунду талап кыла алат.

Ошондой эле милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков 16-июлдагы брифингде өлкөдө пневмония жана COVID-19га кабылгандар акысыз дарылана тургандыгын айткан.

Өлкө боюнча 17-июлга карата коронавирустун 1654 жаңы учуру катталды, ал эми коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 23 783кө жетти. Анын ичинен 746сы Жалал-Абад облусунан, ал эми сегизи Кара-Көл шаарынан аныкталган. COVID-19 дарты 785 кишинин өмүрүн алды.