ОшМУнун окумуштуулар кеңешинин катчысы COVID-19дан көз жумду

Мисирбек Байсубанов

20-июлда Ош мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин катчысы, доцент Мисирбек Байсубанов каза болду. Байсубановдун кесиптештери ал коронавируска чалдыкканын кабарлашты.

Байсубанов 65 жашта болчу. Анын артында төрт кызы жана жубайы калды.

«Мисирбек Турдубаевич Ош мамлекеттик университетинин өсүп-өнүгүүсүнө бараандуу салым кошту. Анын бүтүндөй тагдыры, өмүрү, эмгек жолу билим берүүгө, университетке арналган. Агай өз ишине берилген кесипкөй адис, таланттуу педагог, мыкты тилчи, жогорку маданияттуу, интеллектуалдуу жана адамгерчиликтүү инсан катарында кесиптештеринин, студенттердин жүрөгүндө түбөлүк сакталат», — деп эскеришет маркумдун кесиптештери.

Маркум 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинен Орус тили жана адабияты факультетин аяктап, окутуучулук эмгек жолун Бишкектеги орус тили жана адабияты институнан баштаган.

Ал эми ОшМУда 1985-жылдан тарта эмектенип келген. 1988-жылга чейин педагогика факультетинин башталгыч билим берүүнүн орус тили кафедрасынын окутуучусу, 1992-жылы аталган факультеттин деканынын милдетин аткаруучу, андан кийин декандын окуу иштери боюнча орун басары болуп иштеген.

1993-жылдан тарта ОшМУнун орус филологиясы факультетинин ага окутуучусу жана доценти болуп эмгектенип, көптөгөн адистерди даярдоого салымын кошкон. ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин катчылыгына 2003-жылы дайындалган.

Байсубанов билим берүүдөгү жигердүү иш-аракеттери үчүн ОшМУнун, Билим берүү министрлигинин, Ош шаарынын мэриясынын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын Ардак грамоталары жана төш белгилери менен сыйланган.

Буга чейин 7-июлда ОшМУнун медицина факультетинин окутуучусу Аликжан Шерматов пневмониядан каза болгон. Маркум өмүрүн медицина тармагына арнап, 2015-жылдан бери жазып жүргөн кандидаттык илимий диссертациясын быйыл коргоого камынып жүргөн болчу.

20-июлга карата COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 21 143кө жетти. Коронавируска чалдыккандардын 13 109у айыгып, 1 037 бейтап көз жумду.