Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери «Боорукердик штабына» бир күндүк маянасын которушат

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн имараты. Сүрөт: Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн жалпы жамааты «Боорукердик штабына» бир күндүк маянасын которушат. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы маалымдады.

«Пандемия менен күрөшүүдө облустун саламаттык сактоо мекемелеринин муктаждыгын жеңилдетүүгө салым кошуу максатында кызматкерлер ушундай чечим кабыл алышты», — деп жазылат өкүлчүлүктүн маалыматында.

«Боорукердик штабы» Баткен шаарында жарандык коом тарабынан үстүбүздөгү жылдын июлунда уюштурулган. Ошондой эле, өкүлчүлүктүн кызматкерлери буга чейин коронавирус менен күрөшүү үчүн республикалык штабга да бир күндүк маянасын которушкан.

Мындан сырткары Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 14-июлда облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун алты медкызматкерин өкүлчүлүктүн «Ардак грамотасы» жана «Алкыш баракчасы» менен сыйлаган. Ал эми лабароториялык изилдөөлөр менен иш алып барган алты медикке 10 миң сомдон акчалай сыйлык берген.

21-июлда коронавирустун жаңы 1108 учуру катталды. Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19га 28 251 адам чалдыкты. Март айынан тарта коронавируска чалдыккан 1079 бейтап кайтыш болду. Ал эми илдеттен 14 778 киши сакайды.