Коронавирус жуктурган 40 медицина кызматкерине кун төлөө маселеси каралат — ССМ

Айнура Акматова

COVID-19га чалдыккан 40 медицина кызматкерине 200 миң сомдон кун төлөп берүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 21-июлда билдирди.

Акматованын айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинде бул маселе боюнча бүгүн комиссиянын жыйыны өтөт.

«Илдетти тастыктап, [компенсация] төлөп берүү үчүн [ар бир медицина кызматкеринен] эпидемиологиялык тастыктоочу документ, андан сырткары атайын акт, бир нече документ керек болчу. Эпидемиологиялык корутундулар даярдалбай — ар бир медицина кызматкерине өзүнчө даярданышы керек экен — облусттар бардыгын [коронавирус жуктурган медкызматкерлерди] таблица түрүндө гана беришкен», — деди Акматова.

Учурда облусттагы ооруканаларга ар бир коронавирус жуктурган медицина кызмакерине өзүнчө документтерди даярдоо тапшырмасы кайрадан берилгенин Акматова кошумчалады.

Иш убагында коронавирус жуктурган медиктерге 200 миң сом, ал эми каза тапкандарынын үй-бүлөлөрүнө бир миллион сом компенсация каралган. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги азырынча 41 медкызматкерге гана компенсация төлөп берди.

Ал эми 21-июлга карата COVID-19ду жуктуруп алган медкызматкерлердин саны 2428ге жетти — алардын 624ү илдеттен айыкты. Ал эми коронавирустан жана ал шарттааган певмониядан ондогон медик каза болду. Бирок министрлик алардын так санын ачыктай элек.