Коронавирус жуктуруп алган медиктердин саны 2428ге жетти

Иллюстративдик сүрөт

Коомдук саламаттык сатоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 21-июлга карата дагы 47 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталганын кабарлады.

Илдетке чалдыккан эң көп медкызматкер Чүй жана Ош облустарында катталды — 15 жана 10. Ошондой эле жана Бишкек шаарынан тогуз, Ош шаарынан алты, Баткен облусунан төрт жана Ысык-Көл облусунан үч медкызматкерде коронавирус аныкталды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны — 2428. Өткөн суткада ооруканалардан айыгып чыккан 11 медикти кошкондо өлкөдө коронавирусту жеңген медкызматкерлердин саны 624кө жетти.

Өкмөт иш убагында коронавирусту жуктурган медиктерге 200 миң сом, ал эми каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом компенсация төлөп берет. Бирок азырынча оору жуктурган 41 медикке компенсация төлөнүп берилгени белгилүү.

Ошондой эле COVID-19 менен күрөшкөн ондогон медкызматкер каза болгон, бирок ССМ алардын баарын тизмеге кошкон жок. Учурда расмий түрдө коронавирустан улам каза болгон медиктердин саны жарыялана элек.

Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтейт.