Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 1108 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдиргендей, 21-июлда коронавирустун жаңы 1108 учуру катталды. Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19га 28 251 адам чалдыкты.

Бир суткада катталган жаңы учурлардын аймактардагы көрсөткүчү:

Бишкек шаары — 323;

Ысык-Көл облусу — 154;

Ош шаары — 124;

Чүй облусу — 122;

Жалал-Абад облусу — 107;

Ош облусу — 93;

Талас облусу — 70;

Баткен облусу — 61;

Нарын облусу — 54.

«1108 жаңы учурдун 336сы COVID-19дун лабораториялык тастыкталган. Калган 772 учур клиникалык-пидемиологиялык тастыкталган», — деди Акматова.

Учурда коронавирус жана ал шарттаган ооруканадан сырткары пневмониянын статистикалары бирге эсептелүүдө. Бүгүнкү күндө ооруканаларда 12 563 адам дарыланып жатат — алардын ичинде 6238 бейтапта коронавирус инфекциясы тастыкталган.

Учурда Бишкек шаарындагы ооруканаларда 2840 дарыланууда. Ошондой эле Ош облусунда — 1052, Жалал-Абад облусунда — 585, Ысык-Көл облусунда — 575, Чүй облусунда — 474, Талас облусунда 355, Нарын облусунда — 282 жана Баткен облусунда — 162 коронавирус менен ооруган бейтап ооруканаларда калууда.

Март айынан тарта COVID-19га чалдыккан 1079 бейтап кайтыш болду. Ал эми ооругандардын 52 пайызы — 14 778 бейтап — илдеттен сакайды.