Өлкөдө коронавирустан дагы 42 бейтап дүйнө салды — аймактар боюнча

Иллюстративдик сүрөт

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 21-июлдагы брифингде коронавирус жуктурган дагы 42 адам каза болгонун кабарлады. Алардын ичинде 9 бейтапта COVID-19 лабораториялык тастыкталган.

COVID-19дан каза болгондор:

Бишкек – 9;

Ош облусу – 7;

Ысык-Көл облусу – 7;

Жалал-Абад облусу – 5;

Талас облусу - 4;

Нарын облусу – 4;

Чүй облусу – 3;

Ош – 2;

Баткен облусу - 1.

Жалпысынан коронавирус пандемиясы башталгандан тарта Кыргызстанда 1079 бейтап каза болду. Бул көрсөткүч COVID-19 жана ал шарттаган пневмониянын статистикалары бириктирилгенден кийин кескин өскөн.