Ноокатта бала бакчанын башчысы коронавируска чалдыгып көз жумду

Карамат Осмонова

Ош облусунун Ноокат районундагы бала бакчанын башчысы Карамат Осмонова коронавируска чалдыгып, 19-июлда 65 жашында каза болду. Маркум бала бакчанын 14-июлдагы жыйынына ден соолугуна байланыштуу катыша алган эмес.

«Жыйында сасык тумоо болуп жатам деп тез эле кетип калган экен. Андан кийин дене табы көтөрүлүп жатканын айтыптыр. Кызыл-Кыянын ооруканасында жатып каза болуп калды», — деген пикирин райондун билим берүү бөлүмүнүн адиси Тажикан Тагаева «Турмуш» басылмасына курган маегинде айткан.

Маркум бала бакчада 2007-жылдан тарта эмгектенип, ага чейин мектепте жетекчилик кызматты аркалаган. Бир кыз жана бир уулдун энеси.

Буга чейин аталган райондо санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 55 жаштагы жетекчиси Айчүрөк Келдибекова коронавирустан улам каза болгон. Келдибекованын андан сырткары боору ооругандыктан бейтапканада дарыланып бир ай жаткандан соң көз жумган.

21-июлда коронавирустун жаңы 1108 учуру катталды. Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19га 28 251 адам чалдыкты. Март айынан тарта коронавируска чалдыккан 1079 бейтап кайтыш болду. Ал эми илдеттен 14 778 киши сакайды.