Президент 13 жашар кызды зордуктоого шектүүнү актаган судьянын талапкерлигин колдогон жок

Президенттин басма сөз кызматы Сооронбай Жээнбеков Судьяларды тандоо боюнча кеңештин Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн сунуштаган 10 талапкеринин ичинен тогузу боюнча макулдугун бергенин кабарлады.

Президенттин жарлыгына ылайык төмөнкүлөр судья болуп дайындалды:

  • Абдуразак Боромбаев;
  • Жаныбек кызы Венера;
  • Кундус Исаева;
  • Эмилбек Каипов;
  • Алмаз Калыбаев;
  • Айнура Сатарова;
  • Марат Сыдыков;
  • Мирлан Термечиков;
  • Айгүл Уметова.

Жээнбеков Биринчи май районунун судьясы Айбек Эрнис уулунун талапкерлигин гана жактырган жок. Ал судья «Бишкек-Парк» соода борборунун ажатканасында 13 жашар кызды зордуктоо тууралуу иш боюнча шектүү адамга актоо өкүмүн чыгаргандан кийин белгилүү болуп калган.

«Мамлекет башчы 1 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка бул талапкер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарды», — деп билдиришти президенттин басмка сз кызматынан.

Мурдараак Эрнис уулу ар кандай себептерден улам үч жолу тартип жоопкерчилигине тартылган.

Ал эми акыйкатчы институ Эрнис уулу кыздын зордукталышы тууралуу ишти карап жатып, одоно процесстик бузууларды жасаган деп эсептейт.

«Бир нече жолу ишенбөөчүлүк көрсөтүлсө да, Айбек Эрнис уулу ишти карап, 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жаткан адамды үй камагына алуу чечимин чыгарган», — деп билдирген акыйкатчы институту.

Бул иш 2018-жылдын мартынан тарта каралган. «Азаттыктын» жазганына караганда, эки инстанциянын соттору шектүү акташкан.

Башкы сүрөт Kaktus.Media