«Өзүмө келип, үйгө кеттим». Клиникалык өлүмгө учураган адам ыктыярчы кызга рахматын айтты

Кыскача:

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) ыктыярчылар 16-июль күнү түнкү стационарга алып келген «адамдын өлүмү» боюнча текшерүү жүргүздү. Ошол учурда ыктыярчыларга аталган адам кайтыш болуп калганы кабарланган.

Бирок ал кишинин жүрөгү токтоп, андан кийин ал клиникалык өлүм абалына түшүп калган. Бирок ал эсине келип, учурда өзүн жакшы сезип жатат. Ал өмүрүн сактоого аракет кылган ыктыярчы кызга ыраазычылыгын билдирди.

Кененирээк:

Мурдараак соцтармактарда дарыгерлерден бейтаптын өлүмү тууралуу кабар алган ыктыярчы кыздын ыйлап жатканы тартылган видео тараган. Ыктыярчы кыз көчөдө деми кысылып, эсин жоготуп бараткан адамдын өмүрүн сактап калган. Ал эсин жоготордон мурда ыктыярчыдан кызына жакшы көрөрүн айтып барууну өтүнгөн.

«Мас абалда жүрүп, кан басымым көтөрүлүп, Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунан жолдо жатып калдым, анан мени ыктыярчылар машинасына салып ооруканага алып жөнөштү», — деп айтып берди ал.

Медиктер стационардан ыктыярчыларга бейтапты сактап кала алышпай ал кайтыш болуп калганын кабарлашкан.

«Ал адамдын кандайдыр бир кыска убакытка клиникалык өлүм абалында болгондугу айтылууда. Ыктыярчылар кетип калышкандан кийин тиги жаран кайрадан эсине келген. Иликтөө иш-чараларынын учурунда жогорудагы каза болуп калды деген маалымат жалган болуп чыкты», — деп билдиришти ИИМден.

Аталган бейтапка тамчылатма дары коюлуп, эртеси күнү ал ойгонуп, үйүнө кеткен. Кийинчерээк ал ыктыярчы кыз менен жолугуп, ага өмүрүн сактап калганы үчүн ыраазычылыгын билдирген.

«Кабатырланбаңыз байке, баары жакшы. Бул менин жумушум. Сизде баары жакшы болгонуна кубанычтамын», — деп айтты ыктыярчы кыз.

Кыргызстандын ыктыярчылары пандемия учурунда 24 саат бою адам өмүрлөрүн сактап жүрүшөт. Алар бейтаптарга шаардын көчөлөрүнөн, ал эле эмес машинанын багажнигинен да жардам көрсөтүшүүдө.

Коронавирус жана пневмония менен ооругандардын саны өсүп кеткенине байланыштуу Кыргызстанда дарыгерлер жетиштпей, алар алынын барынча иштеп жатышат.

Медиктер өкмөт убадалаган кошумча акыларды ала элек, аларга коргонуу каражаттары жетишпей жатат, ошондой эле алар начар тамактанып, дээрлик уктабай иштешүүдө.

Саламаттык сактоо министрлиги инфекция жуктуруп алган жана вирустан каза болгон врачтар тууралуу күндө кабарлоодо.

22-июлга карата өлкө боюнча COVID-19 жана ооруканадан тышкары пневмония жуктуруунун 29 359 учуру белгилүү болду. Алардын ичинен 1 123 адамдын өмүрү кыйылган.