COVID-19 дагы 49 медицина кызматкеринде аныкталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 23-июлда COVID-19 жуктурган дагы 49 медкызматкер катталганын кабарлашты — алардын 11и Чүй облусунда.

Ошондой эле, илдетке Ысык-Кол облусунан тогуз, Ош шаарынан — сегиз, Баткен облусунан жети, Бишкек шаарынан төрт, Талас облусунан үч, Жалал-Абад жана Нарын облустарынан бирден медик чалдыккан.

Өткөн суткада ооруканалардан 69 медик айыгып чыкты. Айыккан медиктердин 17си ооруканада, 52си үй карантинде дарыланышкан.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 2 527ге жетти — бул жалпы оорулуулардын сегиз пайызы. Жалпысынан 1 160 медкызматкер илдеттен айыгып, ооруканалардан чыгарылды.

Ал эми расмий статистикага коронавирустан улам каза болгон 29 медкызматкер кирген. Бирок коронавирус жана ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыгып, көз жумган медиктердин саны мындан да көп.

Өкмөт иш убагында коронавирусту жуктурган медиктерге 200 миң сом, ал эми каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом компенсация төлөп берет. Бирок азырынча оору жуктурган 41 медикке компенсация төлөнүп берилгени белгилүү. Ошондой эле 40 медкызматкерге кун төлөп берүү маселеси каралып жатат.

23-июлга карата COVID-19ду жуктуруп алган жарандардын саны 30 126га жетти. Алардын ичинен 16 791 бейтап айыгып, 1 169 киши каза болду.