Соцтармакта президент тууралуу терс пикир жазгандарга куугунтук токтобой жатат

Фейсбуктун колдонуучусу Айгүл Сарымсакова 22-июлда «За импичмент Сооронбая Жээнбекова» аттуу тайпада пикир калтырганы үчүн үйүнө милиция келгенин жазды.

«За импичмент Сооронбая Жээнбекова» паблигинде жазуу өчүрүлгөнгө чейин жасалган скриншот

Материал жарык көрөр алдында тайпадагы посттор өчүрүлгөн.

Аял «Клоопко» курган маегинде 21-июль күнү кечинде өзүлөрүн милиционербиз деп тааныштырган жарандык кийимчен үч адам келгенин айтып берди. Ал эми 22-июлда ага формачан эки милиционер келген.

«Алар минтип жазса болбойт, президент тууралуу мындай постторду андан бетер жарыяласа болбойт деп айтышты. Мунун баарына тыюу салынат. Аларга минтип айттым окшойт — өлкө менен, эл менен эмне болуп жатканын өзүңөр деле билесиңер. Өлкөдө абал кандай экенин [билесиңер]. Элдин 95%ы президентти колдобойт. Мен аларга ушинтип айттым», — деп айтып берди Сарымсакова.

Ал милициядан алар эмне үчүн «чындыкты айткандардын ар бирине барып, оозун жабып, коркутуу» менен алектенип жатканын сураган. Милиционерлер алардын жетекчилиги профилактикалык иштерди жүргүзүү үчүн жибергенин айтышкан.

Аялдын айтуусу боюнча, милиция ар бир келген сайын өзүнүн жана ата-энеси менен туугандары жөнүндө маалыматтарды жазып алып турган. Мындан тышкары, ал иштеп жаткан ЖОЖдо аны жумуштан алууну талап кылышкан деп шек санап жатат.

«Мен мугалиммин. Өз оюмду айтууга укугум бар. Мен ашынган активист деле эмесмин. [...] Болгону, эң башкысы алар менин ата-энеме асылышпасын», — деди ал.

Башка Nelly Erkin аттуу ник менен жазылган колдонуучу ага дагы ИИМден келишкенин, андан «соцтармактардагы өкмөткө каршы постторду» өчүрүүнү талап кылышканын айтып берди. Ал милиция кызматкерлери өздөрүн тааныштырбай, документтерин көрсөтүшпөгөнүн, анткени алардын визити «бейрасмий» деп эсептелерин кошумчалады.

«Кечке чейин күтүшөөрүн [айтышты]. “Эгер өчүрбөсөмчү?” деген суроомо расмий баракчалар менен башка адамдар келишерин айтышты. “Тизмеңер чоңбу?” деген суроого “ооба, чоң” деп жооп беришип, башкаларга “эскертүү бергени” кетишти. “Мунун баары шайлоонун алдында жасалып жатабы?” деген суроомо “ошондой окшойт” дешти», — деп жазган ал.

Небольшой апдейт: сейчас приходили с МВД, просят не публиковать (в их понимании) "антиправительственные посты" в соц.сетях (хотелось бы уточнить что под этим конкретно они подразумевают). Приходили не ко мне лично, но я с ними разговаривала. Сказали что пока это предварительная беседа и они "по человечески" "только поговорить", если "не хотим проблем" . Без документов и толком их не показали, тк не официально это. Второго даже не представили, сказав что он только учится как "правильно разговаривать". Просят все посты удалить. Ждут до конца вечера, на вопрос "если не удалить?" сказали придут уже другие люди с официальными бумажками. На вопрос большой ли у них список, сказали да, большой и пошли к другим "предупреждать". На вопрос это все в преддверии выборов делается, сказали что "видимо да". Демократия? Свобода слова? Скоро это будет только сниться?..Вчера флагшток так трещал что казалось флаг сейчас сорвется и улетит...Пэ.сэ. Забыла добавить, было сказано что иначе могут назвать "Ярыми Антиправительственными Активистами". Вот что могут привязать к обычным постам в соц.сетях которые кому-то не понравились.

Posted by Nelly Erkin on Wednesday, July 22, 2020

Сын-пикир үчүн суракка алуу

Буга чейин фейсбуктагы «Меместан» аттуу мыскыл-тамаша барагынын администратору Арген Бактыбек уулу жубайы экөө ИИМге суракка чакырылышкан.

В час ночи участковый пришел домой и оставил повестку. В час ночи! Мы теперь свидетели, а до этого вообще не знали кто...

Posted by Gena Kaparov on Thursday, July 16, 2020

Арген жарыялаган тергөө тапшырмасында суракка чакырууга «бийликти кемситкен маалыматтар» таралытылып жатканы себеп деп айтылган. Милиционерлер так кесе эмне «бийликти кемсинткенин» кабарлашкан эмес.Data Labдын журналисти Эркингүл Төлөн кызы суракка чакырууга «соцтармакта бийликти сындоо» себеп болгонун белгилеген.Мурдараак StandUp комедиялык шоусунун катышуучусу Назгүл Алымкулова да фейсбук барагында күбө катары УКМКга суракка чакырылганын билдирген.

Алымкулова суракка болжол менен тамашалуу дипфейк-видео үчүн чакырылган. Ал видеодо белгилүү рэпердин бети Кыргызстандын президентинин жүзүнө алмаштырылган эле. Кийинчерээк ал сурактан чыкканын, бардыгы жакшы экенин жазган.Бул бийликти сындоо үчүн жонөкөй жарандар суракка чакырылган биринчи эле учур эмес.

2019-жылдын августунда Бишкектеги дизайнер Никита Тарасенко да суракка чакырылган. Анда ал фейсбуктагы посту үчүн чакырылган эле. Дизайнер тергөөчүлөр менен жолугушууга өз барагында таасирдүү кыргыз аткаминерлери чагылдырылган коллажды жарыялагандан кийин чакырыла баштаган.

Коллажда ал президент Сооронбай Жээнбеков менен анын иниси жана парламенттин депутаты Асылбек Жээнбековду тартып, алардын ортосуна Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду жайгаштырган. Дизайнер өзүнүн постун «Оштогу уюшкан кылмыштуу топ» деп атаган.

Мындан тышкары, фейсбуктагы «БеспределКГ» аттуу тайпанын администратору Автандил Жоробеков дагы суракка чакырылган эле. Ал «аймак аралык касытыкты козутуу» беренеси боюнча айыпталып, 24-ноябрда кармалган. Болгондо да, УКМКнын маалыматына ылайык, посттун кастыкты козутууга тиешеси жок, социалдык тармактардын колдонуучулары жөн гана комментарийде өз ара талашып-тартышышкан.

Ошол эле учурда «БеспределКГ» барагында бийликтин дарегине айтылган билдирүүлөр да жарыяланып турган.