Башкыртстандан келген дарыгерлер Кыргызстандын үч облусунда иш алып барат

23-июлда Кыргызстанга Башкыртстандан 50 медицина кызматкери келди. Дарыгерлер коронавирус менен күрөшүүдө кыргызстандык кесиптештерине көмөктөшөт.

Хирург, кардиолог, терапевт, педиатр, травматолог, анестезиолог-реаниматолог, инфекционист, пульмонологдордон куралган бригада беш топко бөлүнүп иш алып барышат. Алар Бишкек шаарында, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында бир ай кызмат көрсөтүшөт.

Буга чейин 22-июлда Кыргызстанга Орусиядан 120 аскер медицина кызматкери учуп келген. Эпидемиолог жана инфекционисттерден куралган алты мобилдик топто 20дан медик бар. Алардын эки тобу Ош жана төрт тобу Бишкек шаарында иштейт. Орусиялык дарыгерлер өздөрү менен кошо керектүү медициналык жабдууларды жана дары-дармектерди ала келишкен.

Ошондой эле, 19-июлда Ош шаарына Орусиянын Москва шаарынан 15 кыргызстандык медицина кызматкери келген. Медиктер коронавирус жана пневмония менен күрөшүү үчүн мекенине өз ыктыярлары менен келишкен. Алар Оштогу «Андрос» медициналык борборунда иш алып барышууда.

24-июлга карата Кыргызстанда COVID-19га 31 247 киши чалдыкты. Коронавирустан март айынан бери 18 038 бейтап айыгып, 1 211 адам каза болду.