Муфтий кыргызстандыктарды саламаттык министрлигинин талаптарын аткарууга чакырды

Муфтий Максат Токтомушев «Биринчи радионун» 23-июлдагы эфиринде «учурда болуп аткан нерсе — бул адамзатты кезектеги жолу сыноо экенин» билдирди.

«ДССУнун талаптарын аткаруу керек. Ошондой эле дүрбөлөңгө алдыруунун кажети жоктугун айткым келет. Ар бир адамды өлүм күтөт, тагдырыбыз ошондой. Кудай бизди бул дүйнөдөн качан алып кетүүнү өзү билет. Жашаш керек, коркпош керек. Экинчиден, бул ооруну тамаша көрүп, шоу кылбаш керек — бул Кудайдан келген сыноо, аны тамаша көрбөш керек. Өз убагында дарыланып, аралыкты сактап, сабырдуу болуш керек. Ошентип гана кыйынчылыктардан өтө алабыз», — деп билдирди муфтий.

Токтомушев исламда дарылануудан баш тартпоо керектигин белгилеп, адамдарды медициналык жардам сурап адистерге кайрылууга чакырды.

«Саламаттык сактоо министрлиги айткандын баарын аткарыш керек, анткени алар да адамдардын саламаттыгы үчүн жооптуу», — деди муфтий.24-июлга карата өлкөдө ооруканадан сырткары пневмонияны эсепке алуу жана коронавирустун тастыкталган учурларын кошуп 921 жаңы жуктуруу учуру катталды. Пандемия башталгандан бери жуктуруунун жалпы 31 247 учуру аныкталды.

Өткөн күнү коронавирус жана пневмония менен ооруган 42 бейтап көз жумду. Жалпысынан өлкөдө коронавирусу жана ооруканадан сырткары пневмониясы тастыкталган 1 211 адам кайтыш болду.