Ошко Орусиядан 18 дарыгер келди

24-июлда Ош шаарына Орусиядан 18 дарыгер келди. Аларды Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов жана Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарам укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов тосуп алышты.

Ош шаардык мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровдун айтымында, дарыгерлер бүгүн оштук кесиптештери менен кырдаал тууралуу кеңешме өткөрүп, 25-июлдан тарта жумушка киришет.

Ошондой эле, Абсаттаров Орусиянын Башкыртстанынан 16 дарыгер, ал эми Москвадан 2 вирусолог келгенин билдирди. Келген медицина кызматкерлери эки топко бөлүнүп иштешет.

«Бишкектен бүгүн кечинде бул делегациянын жетекчиси Башкыртстандын Саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов келсе, тогуз дарыгер Жалал-Абадка кетишет. Калгандары бул жакта Ош облусунун райондорун кыдырып, кыргызстандык кесиптештери менен бирге иштешет», — дейт Абсаттаров.

Мындан бир күн мурун Бишкек шаарына Башкыртстандан 50 медицина кызматкери келген. Дарыгерлер коронавирус менен күрөшүүдө кыргызстандык кесиптештерине көмөктөшөт. Келген дарыгерлер беш топко бөлүнүп, Бишкек шаарында, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында бир ай кызмат көрсөтүшөт.

Алардын курамында хирург, кардиолог, терапевт, педиатр, травматолог, анестезиолог-реаниматолог, инфекционист, пульмонологдор бар.

24-июлга карата Ош облусунда 2 601 киши COVID-19га чалдыкты. Ал эми Ош шаарында 2 284 кишиден коронавирус аныкталды. Коронавирустан өлкө боюнча март айынан бери 18 038 бейтап айыгып, 1 211 адам каза болду.