Өлкөдө коронавирустан 38 киши дүйнө салды — алардын бири медкызматкер

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдын 25-июлда берген маалыматы боюнча өткөн суткада коронавирус жуктурган 38 адам каза болду. Алардын алтоосунда COVID-19 лабораториялык тастыкталган.

COVID-19дан каза болгондор:

Бишкек — 13;

Талас облусу — 5;

Баткен облусу — 5;

Чүй облусу — 5;

Ош облусу — 3;

Ысык-Көл облусу — 2;

Жалал-Абад облусу — 2;

Ош шаары — 2;

Нарын облусу — 1.

Ошондой эле, өткөн суткада коронавирустан улам Ош облусундагы Араван аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы Жорахан Акимжанов 67 жашында дүйнө салды.

Жалпысынан коронавирус пандемиясы башталгандан тарта Кыргызстанда 1249 бейтап көз жумду.

25-июлга карата Кыргызстанда коронавирус жалпы 32 124 адамда аныкталды. Анын ичинде 19 203 бейтап айыкты.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.