Коронавирус: Араван аймактык ооруканасынын хирургу Жорахан Акимжанов көз жумду

Маркум Жорахан Акимжанов. Сүрөт: «Турмуш» басылмасынан алынды

24-июлда Араван аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы Жорахан Акимжанов 67 жашында каза болду. Маркумдан буга чейин коронавирус аныкталган. Маалыматты «Турмуш» басылмасына аталган оорукананын башчысы Усманжан Мамажанов тастыктады.

Жорахан Акимжанов 1970-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун балдар хирургиясы адистигине тапшырып, аны 1976-жылы аяктаган.

Эмгек жолун 1977-жылы Бишкек шаарындагы №3 балдардын клиникалык ооруканасында балдар хирургиясынан баштап, андан кийин Ош шаардык ооруканасына дарыгер-реаниматолог катары которулган.

Маркум өзүнүн туулган жери Ош облусунун Араван районунун ооруканасында 1980-жылдан тарта кызмат кылган. 2000-жылы Араван райондук аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалып, өмүрүнүн акырына чейин эмгектенди.

Акимжанов «Саламаттык сактоонун мыктысы» наамынын ээси. Анын артында жубайы жана үч баласы калды.

Буга чейин 20-июлда 46 жаштагы хирург Эрмек Носинов пневмониядан каза болгон. Ал Кыргызстандын эл аралык университетине караштуу Эл аралык медицина жогорку мектебинин хирургия кафедрасынын доценти болчу.

24-июлга карата расмий статистика боюнча коронавирустан 29 медкызматкер каза болду. Бирок коронавирус жана ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыгып, көз жумган медиктердин саны мындан да көп.

Ал эми коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 2580ге жетти — бул жалпы оорулуулардын сегиз пайызы. Андан сырткары 1234 медкызматкер илдеттен айыкты.

Өкмөт иш убагында коронавирусту жуктурган медиктерге 200 миң сом, ал эми каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом компенсация төлөп берет. Бирок азырынча оору жуктурган 41 медикке компенсация төлөнүп берилгени белгилүү. Ошондой эле 40 медкызматкерге кун төлөп берүү маселеси каралып жатат.