Чүй райондук ҮМБсынын директорунун орун басары Гүлжамал Жумабаева дүйнө салды

Чүй райондук мамлекеттик администрациясы маалымдагандай, Чүй районунун Үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Гүлжамал Жумабаева ооруканадан тышкары пневмониядан көз жумду.

Жумабаева 67 жашында каза болду. Ал саламаттык сактоо тармагында 44 жыл эмгектенип, жогорку категориядагы врач-терапевт болчу.

Гүлжамал Жумабаева Чүй облусундагы Кемин районунун Тегирменти айылында 1953-жылы туулган.

Ал Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктап, Чүйдүн борбордук райондук ооруканасында эмгектенип баштаган.

Маркум Чүй райондук поликлиникасында терапия бөлүмүнүн жетекчиси болуп төрт жыл иштеген, андан кийин поликлиниканын жетекчиси кызматында эмгектенген.

Жумабаева акыркы 19 жыл бою Чүй райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басарлык кызматын аркалап келген.

Медиктердин өлүмү

Саламаттык сактоо министрлигинин Адам ресурстары жана уюштуруу иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Айгүл Бообекова коронавирус пандемиясы башталгандан бери 22-июлга карата 29 медкызматкер каза болгонун, анын 20сы врач экенин билдирген.

Бирок «Клооптун» эскерүү тизмесинде алардын саны 40тан ашат — каза тапкандардын катарында врачтар, илимдин докторлору, медицинанын ардагердери, медайымдар жана башка адистер бар.

Бообекованын айтымында, өлкөдө 13 миңден ашык дарыгер болсо, анын 9 миңден ашыгы коронавирус илдетине каршы күрөшүү үчүн тартылган. Алардын 67 пайызы такай жумушта, 15 пайызы жумушка убактылуу жөндөмсүз, башкача айтканда ооруп жатат.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, коронавирустун алдын алуу жана андан арылуу үчүн иштеп жатып илдет жуктурган медиктерге 200 миң сом компенсация төлөнөт. Ал эми каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 млн сом берилет.

Саламаттык сактоо министрлиги азырынча оору жуктурган 41 медкызматкерге жана каза болгон эки медиктин үй-бүлөсүнө компенсация төлөп бергени маалым. Өлкөдө 27-июлга карата коронавирус жуктуруп алган медиктердин саны 2683кө жетип — анын 1478и илдеттен айыкты.