Материал жаңыртылды.

Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов кызматтан кеткен жок деп билдирүү таратты. Ага ылайык, министр учурда ооруканадан чыгып, үйүнөн иштеп жатат жана жакын арада жумушка чыгат.

«Репортер» басылмасы министр өз каалоосу менен кызматтан кеткенин жазып, анын ордуна Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси Эльнура Боронбаева келээрин кабарлашкан.

Ал эми Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунан кабарлашкандай, учурда Боронбаева ден соолугуна байланыштуу өргүү алган.

Андан сырткары Боронбаеванын жакын санаалаштары аны жаңы кызмат орду менен куттуктап жатат деген сүрөттөр дагы жарыяланган. Бирок аталган сүрөттөр эски экени кабарланды.

Министр Абдикаримов пневмония болуп ооруп жаткан болчу. Анын орун басары Нурболот Үсөнбаев [орун басарынан коронавирус аныкталган] менен дарылануу үчүн чет жакка чыгып кетти деген маалымат тараган. Бирок Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова министр менен орун басары Кыргызстанда эле дарыланып жатканын билдирген.

Абдикаримов министр болуп быйыл 1-апрелде дайындалган.

Буга чейинки министр Космосбек Чолпонбаев кызматтан кеткенден кийин коррупция жана айрым фармкомпаниялардын кызыкчылыгын коргогон фактылар боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында эки ирет суракка чакырылганы маалым. Аны менен кошо мурдагы вице-премьер Алтынай Өмүрбекова дагы суракка чакырылган. Чолпонбаев сурактан кийин 10-июлда реанимацияга түшкөн. Анын жүрөгү ооруп жана пневмонияга кабылганы айтылган. Чолпонбаев 17-июлда ооруканадан чыккан.

КР Коопсуздук кеңеши Чолпонбаевди жана мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы өлкөдөгү коронавирустун пандемиясы учурунда «тийиштүү чараларды көрүшкөн эмес» деп «жоопкерчиликсиздикке» айыптаган.