Кой-Таш окуясы боюнча сот бардык тараптар макулдук берсе онлайн өтүшү мүмкүн

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарёв Биринчи май районунун судьясы Марат Сыдыков Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу иш боюнча сот отурумун онлайн форматта өткөрүүнү сунуштаганын «Клоопко» айтып берди. Атамбаев бул сот процессинде башкы айыпталуучу катары өтүүдө.

Слесарёвдун айтымында, жада калса эгер ошондой чечим кабыл алынса — бул Жазык-процессуалдык кодексти (ЖПК) бузуу болуп эсептелинет.

«ЖПКда судья айтып жаткан түрдөгүдөй процедуралар жок. Менимче бул ЖПКны бузуу, анткени бул кодекстин чегинен чыгуу», — деди Слесарёв.

Ал сот отурумдарынын онлайн өтүшүнө бардык тарап макул болушу керек экендигин кошумчалады. Анын айтымында, ошондо гана судья айыпталуучулар онлайн отурумга катыша алышы үчүн ТИЗОго билдирме бере алат.

Биринчи май райондук соттон «Клоопко» отурумду онлайн форматта өткөрүү маселеси чечиле электигин кабарлашты. Ал жактан кошумчалашкандай, отурумду аталган форматта уюштуруу үчүн бардык тараптардын пикирин эске алуу кажет болот.

«Кийинки процессти эртең [29-июлда] өткөрүү пландалууда, бирок ал онлайн өтпөйт, себеп дегенде өткөн жыйынга катышуучунун бардыгы келген жок», — деп билдиришти соттон.

Пандемиядан улам отурумга катышпаган тараптар

Сот процессине катышып жаткан адвокаттар бир нече жолу судьядан Кой-Таш окуялары боюнча отурумду жылдырууну суранышкан. Андай өтүнүчтөргө жабырлануучу тараптын келбей, адвокаттардын ооруп калышы жана коронавируска байланыштуу кырдаалдар себеп болгон.

Бул иштин үстүнөн иштеп жаткан прокурор Рустам Кожобеков менен адвокат Кайрат Загибае көз жумгандан кийин дагы адвокаттар отурумду жылдырууну өтүнүшкөн, бирок судья сот отурумдарын бир аптада бир нече жолу дайындоону уланта берген.

«Кой-Таш окуясы боюнча иш алып барып аткан бир прокурор менен бир адвокат каза тапты. Биринчи май райондук соту сот отурумдарын дайындаганын улантып жатат», — деп билдирген ошондо адвокат Бакытбек Автандил уулу.

Кой-Таш окуясы

Бийлик мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүн эки күнгө созулган штурмга алуудан кийин 8-августта кармаган. Штурм учурунда бир спецназчы каза таап, 100гө чукул адам жабыркаган.Күч органдары Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча суракка үч жолу келбей койгондон кийин үйүн штурмга алууну чечкен. Атамбаев күбө катары суракка алынмак, бирок кармалгандан кийин анын макамы шектүүгө өзгөргөн.

Штурмдун биринчи күнү, 7-августта, Атамбаевдин тарапташтары атайын операция жүргүзүп жаткан УКМКнын алты кызматкерин туткунга алышкан.

Атамбаев камалгандан кийин, ал айыпталуучу катары өтүп аткан «Массалык баш аламандыкты уюштуруу», «Адамдарды барымтага алуу», «Адам өлтүрүү» жана «Адам өмүрүнө кол салуу» беренелери боюнча бир нече кылмыш иштери козголгон.Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иш боюнча сот Атамбаевди 11 жыл эки айга камоо өкүмүн чыгарган. Ошондой эле сот анын мүлкүн конфискациялоону чечкен.