Премьер: Ар бир облустун борборуна бирден компьютердик томография коюлат

Премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт ар бир облустун борборуна бирден компьютердик томография коюуну пландап жатканын айтты. Анын ырасташынча, жалпы Кыргызстан боюнча 16 компьютердик томография болсо, анын 12си Бишкекте, калган төртөө Ош шаарында.

«Жакынкы аралыкта бул маселе чечилет. Жериликтүү бийликтин жетекчилерине тапшырма бердик. Саламаттык сактоо министрлиги аппараттарды алып келгенде аны коё турчу орду даяр болушу керек», — деди ал.

Анткен менен Боронов компьютердик томографиялар качан, кайдан жана канча сомдон алынып келе турганын тактаган жок.

Өкмөт башчы ошондой эле, бүгүнкү күнү өлкөдө 3724 кычкылтек консентратору, 508 ИВЛ аппараты бар экенин кошумчалады. Андан сырткары республикада 857 стационар ачылганын, анын 844ү күндүзгү, 13ү түнкү стационар экенин айтты.

Кыргызстанда коронавирус илдети козгогон пневмония күч алгандан тарта компьютердик томографияга түшкөндөр көбөйүп, аймактагы жашоочулар Ош жана Бишкек шаарына барууга аргасыз болушууда. Мындан улам өз кезегин бир нече күн күткөндөр болууда.