Өткөн суткада коронавируска чалдыккан 1 131 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 30-июлда коронавирустан 1 131 бейтап айыкканын кабарлады.

Алардын эң көбү Бишкек шаарында дарыланып жатышкан — 415. Ошондой эле, илдеттен Чүй облусунда — 165, Ош облусунда — 86, Жалал-Абад облусунда — 112, Ош шаарында — 77, Нарын облусунда — 24, Баткен облусунда — 62, Талас облусунда — 42 жана Ысык-Көл облусунда — 148 бейтап сакайып үйлөрүнө чыгарылды.

Ал эми ооруканаларда жалпысынан 9 325 бейтап дарыланып жатат. Алардын 3 805инде COVID-19 лабораториялык аныкталган, калган 5 250 кишиде клиникалык эпидемиологиялык тастыкталган.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан 24 474 бейтап айыкты.

Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 35 143кө жетти.