Чыныбай Турсунбековдун ордуна депутат болуп Сталбек Молдалиев келди

Борбордук шайлоо комиссиясы пневмониядан улам каза болгон депутат Чыныбай Турсунбековдун мандатын 30-июлда Сталбек Молдалиевге өткөрүп берди.

Молдалиев «Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан» талапкерлердин тизмесинде кийинки орунда турган. Ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилет.

Эскерте кетсек Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Чыныбай Турсунбеков 6-июлда пневмониядан улам Улуттук госпиталда каза болгон. Анын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган.