Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

«Быйыл Курман айт майрамын жалпы адамзатты каптаган пандемиянын шартына жараша белгилеп жатабыз. Ушул улуу күнү журтубуз илдеттен тезирээк кутулуп, өлкөбүз өнүксүн, мамлекетибиз күчтүү болсун деп тилейм», — деп айтылат куттуктоодо.

Мамлекет башчысы ошондой эле, чалынган курмандыктарды Жараткан кабыл кылышына тилектештигин билдирди.

Быйыл коронавирус пандемиясынан улам Курман айтта айт намазы окулган жок. Муфтия кыргызстандыктарды Курман айтты үйдө жакындар менен майрамдоого чакырган. «Бул күнү бири-бирибиздикине айттап барбастан, үйлөрдө курмандыгыбызды чалып, Куран окуп, мамлекетибизге, элибизге, жерибизге жакшылыктарды тилеп, маркумдарыбызга дубаларыбызды багыштайлы», — деп муфтияттан маалымдашкан.