Моргдо иштеген медкызматкерлердин кошумча төлөмдөрү жогорулады

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова 31-июлдагы брифингде COVID-19дан каза болгон маркумдардын сөөгү менен иштеген моргдогу медкызматкерлерге кошумча төлөмдөр жогорулаганын кабарлады.

«Тилекке каршы өлүмдөр да көп болду. Буга байланыштуу биз патологоанатомдорго жана моргдо иштеген медициналык кызматкерлерине да [кошумча] төлөмдөрдү киргиздик», — деди Исмаилова.

Вице-премьердин айтымында, моргдогу дарыгерлер жана орто медперсоналдын кошумча төлөмдөрү 25%га көтөрүлөт. Эми дарыгерлер ар бир коронавирусту жуктурган кишини сойгону үчүн 1250 сом, ал эми орто медперсонал 1000 сом алат.

Кенже медперсонал мурун ар бир маркумдун денесин жууп-тазалаганы үчүн 600 сомдон алса, жаңы төлөм боюнча аларга 800 сом каралган.

Мындан сырткары, ар бир маркумду көмүүгө даярдоо үчүн орто жана кенже медперсоналга 130 сомдон төлөнөт.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун буйругуна ылайык, «өлгөнгө чейин COVID-19 илдети тастыкталган маркумдардын денелери патологоанатомиялык изилдөө үчүн моргго жөнөтүлүшү керек».

Буга карабастан кээ бир соттук-медициналык экспертиза бюролордун кызматкерлери коронавирустан улам көз жумган маркумдардын денесине бычак тийгизбөө үчүн алардын туугандарынан акча талап кылган фактылар катталган. Учурда Бишкек жана Ош шаарларынын укук коргоо органдары аталган окуялар боюнча бир нече сотко чейинки өндүрүштөрдү баштаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

COVID-19дан каза болгондорду кантип жерге берүү керек? Муфтият менен ССМдин түшүндүрмөсү