«10 миң сом». Ошто «маркумдун сөөгүн саткан» cудмедэксперттерге иш козголду

Сүрөт: «Кактус» басылмасы

Оштун милициясы соттук-медициналык экпертиза бюросунун үч кызматкерине карата «Опузалап талап кылуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш баштады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 25-июлда билдирди.

Эксперттер 9-июлда коронавирустан каза болгон милициянын капитаны Улукбек Умаровдун денесине бычак тийгизбей туугандарына өткөрүп берүү үчүн акча талап кылган деп шектелүүдө.

Буга чейин маркумдун жубайы Хулькар Исамова анын күйөөсүнүн денесине бычак тийгизбөө үчүн моргдун кызматкерлери 20 миң сом талап кылганын айтып чыккан. Бирок Исамованын уулу алар менен макулдашууга барып 10 миң сом төлөгөн. Мындан сырткары санитарларга да 3 миң сом берилген.

Укук коргоо органдары бул окуяны ошол эле күнү каттап, сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Ал эми 22-июлда соттук-медициналык экспериза бюросунун кызматкерлеринин бири алган 10 миң сомду Исамовага кайтарып берген.

Исамова бул каражаттарды Ош ШИИБге буюм далил катары өткөрүп берди. Ал эми оштогу моргдун башчысы Нуркамал Даминов акча опузалоо тууралуу кабары жоктугун айткан. Ошондой эле кызматтык иликтөө жүргүзүлөт деп белгилеген.

Финансы полициясы Бишкектеги соттук-медициналык бюронун кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Бишкектин судмедэксперттери да маркумдун денесин сойбоо үчүн анын туугандарынан акча талап кылышкан. Аталган факт «Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу» беренеси менен катталган.